Жол эрежелерин бузгандарга айдоочулук экзаменин кайра тапшырууга эки ай берилет: сентябрдан баштап жаңы эрежелер ишке кирет
Иллюстрациялык сүрөт.
1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотуп, алардан жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча текшерүү өткөрүлөт. Бул тууралуу 13-августта «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Сейталиев билдирди.
Текшерүүдөн өтпөй калган айдоочулар Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо мамлекеттик агенттигине жөнөтүлүп, теориялык экзамен тапшырат.
Анын айтымында, айдоочуларга экзамен тапшыруу үчүн 2 ай убакыт берилет жана кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү да каралган.
«Түндүк» системасында тесттен өтпөй калган айдоочулар тууралуу маалымат чагылдырылат. Анда айдоочулук күбөлүктү пайдалануу укугу канча мөөнөткө токтотулгандыгы көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, агенттик ведомстволор аралык комиссия менен биргеликте «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууда.
Өтүнмө берүү тартиби:
- «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн-өтүнмө берүү;
- жоготуп алуу же мөөнөтү бүткөн учурда калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү;
-болгону автошколаны бүткөндүгү тууралуу күбөлүк талап кылынат;
- калган документтер тиркемеден автоматтык түрдө алынат.
Даярдоо жана алуу:
- Өтүнмө бергенден кийин даярдоо мөөнөтү – 2 күндөн кем эмес;
- дайындалган дарекке почта аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар;
- жеткирүүнүн так мөөнөтү азырынча каралууда.
Мөөнөтсүз күбөлүктөрдүн макамы:
Сейталиевдин айтымында, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүгү бар жарандар аларды өлкө ичинде колдонуу үчүн алмаштырууга милдеттүү эмес. Бирок башка мамлекеттерде жашоо үчүн алмаштыруу талап кылынат, анткени эл аралык коомчулук мөөнөтсүз күбөлүктөрдү тааныбайт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.