Трамп Путин Аляскадагы сүйлөшүүдөн кийин согушту токтотпосо, Орусияны «олуттуу кесепеттер» күтүп турганын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондогу Кеннеди борборунда сүйлөп жатып, эгер 15-августта Аляскада өтө турган жолугушуудан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту токтотпосо, Орусияны «олуттуу кесепеттер» күтүп турганын билдирди. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы  "Reuters" басылмасына шилтеме берүү менен жазды.

Трамптан, эгер Путин согушту токтотпосо, ага жана Орусияга кандай кесепеттер болору тууралуу сурашканда, ал: «Ооба, болот. Абдан олуттуу кесепеттер болот», — деп жооп берди.
 
Ошондой эле АКШ лидери Путин менен жолугушуу ийгиликтүү өтөрүнө ишенбей турганын айтты. Андан, орус президентин Украинадагы жай тургундарды аткылоону токтотууга ынандыра аласызбы деп сурашканда, ал: «Оюмча, жооп жок. Анткени мен буга чейин [анын менен] ушундай сүйлөшүү өткөргөм», — деди.
 
Трамп кошумчалагандай, эгер жолугушуу ийгиликтүү болсо, ал дароо эле Вашингтон, Москва жана Киев катышкан экинчи жолугушууну өткөргүсү келет. «Эгер мен Аляскада каалаган жоопторду албасам, анда экинчи жолугушуу болбойт», — деди ал.
 
Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусу 15-августта Анкоридж шаарындагы Элмендорф-Ричардсон аскер базасында өтөт.
 
Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн алдында Трамп Украина президенти Владимир Зеленский жана европалык лидерлер менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Алардын ичинде Киев мындан аркы сүйлөшүүлөргө катышууга тийиш экенин айткандар болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз