Эдуард Кубатов дүйнөнүн экинчи бийик чокусу - К2 чокусун кычкылтексиз багындырды

Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Пакистанда жайгашкан планетадагы экинчи эң бийик жана эң татаал делген К2 чокусуна (деңиз деңгээлинен 8611 метр бийиктик) ийгиликтүү чыкты.

Эдуард Кубатов Фейсбук баракчасына жазгандай,  2025-жылдын 11-августунда саат 17:00дө кошумча кычкылтексиз К2 чокусун багынткан.
 
«2025-жылдын 11-августунда саат 17:00дө мен кошумча кычкылтексиз ушул улуу чокуну багынттым! 
 
Достор, кечээ, 13-августта таңкы саат 5те мен деңиз деңгээлинен 8611 метр бийиктиктеги К2 чокусунан түшүп келдим! Тилекке каршы, түшүү маалында көбү оор жаракат алып, бир альпинист айым каза болду!
 
Видео жана толук сүрөт галереяларын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо жүктөйм, азыр биз Скарду шаарына карай баратабыз!
 
Бул жеңишти өз эгемендүүлүгүбүзгө арнайм жана мен биздин улуу элибиздин бир бөлүгү болгонума сыймыктанам! Жакында жолугабыз, достор! Тирүүмүн жана бир аз ооруп турам, бирок үйгө кайтып бара жатам! Баарыңарды кучактайм! Силердин баарыңар менин жүрөгүмдөсүңөр!",- деп жазган ал.
 
Дүйнөлүк альпинизмде К2 чокусу – чыгууга эң татаал жана кооптуу чокулардын катарына кирет. Анын бийиктиги 8 611 метрди түзүп, Эвересттен кийинки экинчи орунда турат. Бирок техникалык татаалдыгы жана кооптуулугу жагынан көпчүлүк адистер аны Эвересттен да кыйын деп эсептешет.
 
Бул чокуда тик беттер, муз каптаган тектүү тилкелер жана өтө татаал маршруттар көп. Бул альпинисттерден жогорку деңгээлдеги техникалык даярдыкты талап кылат. Мындан тышкары, тоодо аба ырайы абдан туруксуз болуп, күтүүсүз жерден ызаарлуу бороон күчөп кетиши мүмкүн.
 
Статистикалык маалыматтарга караганда, К2 чокусуна чыккан альпинисттердин болжол менен он пайызга жакыны кайра түшпөй калат. Бул көрсөткүч Эверестке салыштырмалуу бир нече эсе жогору. Чокуга жакындаганда тик жана кооптуу тилкелер көп болгондуктан, кырсык болгондо куткаруу иштерин жүргүзүү дээрлик мүмкүн эмес.
 
Кооптуу шарттары жана татаалдыгы үчүн К2 альпинисттер арасында “Жапайы тоо” деген атка ээ болгон. Ушундай чокуга кыргызстандык альпинист Кубатов кычкылтексиз чыкты.
 
Ал акыркы он жылга жакын аралыкта дүйнөнүн бир катар белгилүү чокуларын багындыруу менен өлкөнүн альпинизм тарыхында олуттуу из калтырды.
 
2013-жылдын 3-февралында ал Түштүк Американын эң бийик чокусу — 6 962 метр бийиктиктеги Аконкагуага чыгып, эл аралык альпинизм тармагында алгачкы олуттуу ийгиликке жетишкен. Арадан бир жыл өткөн соң, 2014-жылы, Чоң-Алайдагы 7 134 метр бийиктиктеги Ленин чокусуна чыккан.
 
2021-жылдын 23-майында Кубатов дүйнөнүн эң бийик чокусу — 8 848 метрлик Эверести багынтып, кыргызстандык альпинист катары бул чокуну экинчи болуп (биринчиси — 1997-жылы Дмитрий Греков) тарыхка жазылды.
 
Ал эми 2022-жылдын 1-октябрында Гималай тоосундагы 8 163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусуна Кыргызстандын биринчи улуттук экспедициясынын курамында чыгып барган.
 
Мындан тышкары, Эдуард Кубатов эл аралык “Ак илбирс” (“Snow Leopard”), “Seven Summits” жана “Q14” (дүйнөдөгү бийиктиги сегиз миң метрден ашкан 14 чокуну багындыруу) сыяктуу альпинизм программаларына да активдүү катышып келген.
 
Эдуард Кубатов Непалдагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан тарыхтагы жашы эң улуу адам катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз