Журналист жана алып баруучу Сонунбү Кадырова 59 жашында каза болду

Кыргыз маданияты жана журналистикасы дагы бир таланттуу калемгеринен, чыгармачыл инсанынан айрылды. Журналист, аткаруучу, акын, коомдук ишмер Сонунбү Кадырова 59 жаш курагында акка моюн сунду. Мындай маалыматты Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кадырова Сонунбү Эргешовна 1966-жылдын 8-февралында Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач педагогикалык билим алып, 1981–1985-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүн бүтүргөн. 
 
Андан соң журналистика тармагына кадам таштап, 1997-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
 
Эмгек жолун 1985–1988-жылдары мектепте мугалим болуп баштаган. Бирок өмүрүнүн негизги бөлүгүн тележурналистикага арнап, коомчулукка таанылган чыгармачыл теледолбоорлорду ишке ашырды. 1997-жылдан ушул күнгө чейин Улуттук телерадиокорпорацияда редакторлук кызматты аркалап, көптөгөн ири телеберүүлөрдү көрүүчүлөргө тартуулады.
 
Эмгеги мамлекет жана мекемелер тарабынан жогору бааланды:
 
-КР Билим, илим жана маданият департаментинин “Ардак грамотасы”;
 
-УТРКнын 50 жылдык мааракесине карата “Ардак грамота”;
 
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”;
 
-“УТРКнын мыктысы” төш белгиси;
 
-“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.
 
Сонунбү Кадырова “Алтын тизме”, “Замандаш”, “Айыл ажары” сыяктуу телеберүүлөрдү элдин сүймөнчүлүгүнө айландырды. 2019-жылдан тартып “Абаз” теледолбоору аркылуу чыныгы таланттарды элге таанытып, жаштардын чыгармачылык жолуна багыт берди. 
 
2023-жылдан тартып өлкөнүн 18 районун кыдырып, “Ыр кесе” берүүсүн кайрадан жандандырып, элибиздин руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү ишке ашышына салым кошту.
 
Сонунбү Эргешовна — Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Сонун дүйнө”, “Сүйүнчү”, “Бар болуңуз” аттуу китептердин автору. Коомдук иштерге да активдүү катышып, 2005–2015-жылдары “Алтын тизме” коомдук фондунун төрайымы, 2018-жылдан бери “Энелер жолу” коомдук бирикмесинин президенти болуп иш алып барган.
 
Сонунбү Кадырованын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. 
 
Анын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз