Трамп Зеленскийди Крымдан баш тартып, НАТОго кирбей, согушту токтотууга болорун билдирди
«Украина президенти Зеленский кааласа, дээрлик дароо эле Орусия менен болгон согушка чекит коё алат же күрөштү уланта берет. Эсиңерде болсун, баары кантип башталганын. Эч кандай Крымды кайтаруу болбойт, Обама берген (12 жыл мурда, бир да ок атылбай!) — жана ЭЧ КАНДАЙ УКРАИНАНЫН НАТОГО КИРИШИ ЖОК. Айрым нерселер эч качан өзгөрбөйт!!!» — деп жазган Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына, Зеленскийдин Ак үйгө сапарынын алдында. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы Би-Би-Сиге шилтеме берүү менен жазды.
Зеленскийди дүйшөмбү күнү Вашингтондогу сапарында Британиянын, Италиянын, Германиянын, Франциянын жана Финляндиянын лидерлери, ошондой эле НАТОнун баш катчысы менен Еврокомиссиянын жетекчиси коштойт.
«Эртең Ак үйдө чоң күн болот. Буга чейин эч качан мынча европалык лидерлер бир убакта чогулган эмес. Алардын баарын кабыл алуу мен үчүн чоң сыймык», — деп жазган Трамп башка бир билдирүүсүндө.
CNN белгилегендей, Трамптын бул билдирүүсү Зеленский Ак үйдөгү жолугушууда туш боло турган басымды чагылдырат.
«Ал атаган эки шарт — Украинанын Орусия 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялаган Крымдан баш тартуусу жана эч качан НАТОго кирбөөгө макул болушу — Владимир Путин согушту токтотуу үчүн койгон шарттардын катарына кирет», — деп жазат телеканал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.