Ошто "Алтын казык - доор өзгөрткөн билим" аттуу республикалык август форуму башталды

Бүгүн, 18-август Ош мамлекеттик университетинде "Алтын казык - доор өзгөрткөн билим" август педагогикалык форуму башталды, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Аталган форумга Президенттик администрациясынын башчысынын орун басары -  Президент жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Президенттин Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Жантаев, Оштогу жогорку окуу жайлардын ректорлору, мугалимдер катышууда. 
 
Форумду президент Садыр Жапаровдун кайрылуусу ачты. Анда өлкө башчы мугалимдерге жаңы окуу жылына ийгилик каалап, жаңы окуу системасы ийгиликке багыт алган билим системасы болсун деген каалоосун билдирди.
 
"Мугалимдерге тиешелүү бардык материалдар маселелерди камсыздоо биздин милдет. Анын ичинде ипотекалык үйлөр менен камсыздоо. Айрыкча айрымдарыңар үйдү алып да калдыңар. 
 
Азыркы күндө балдарды эрте куракта окутуу салтка айланып калды. Бакчадан эле балдар эки-үч тилди сүйлөп калды. Ошону менен катар балдарды бакча менен камсыздоо үчүн зарыл иштер жүрүүдө. Өкмөттүн атайын программасы боюнча, жарандар өз үйүн бакча катары ачса болот. 
 
Бирок алдыда аткарыла турган чоң иштер бар. Улуттук өнүгүү программасы боюнча, балдарды бакча менен 80% камсыздоо. Бул үчүн сиздердин жардамыңар керек, бош турган имараттарды балдар бакчасы катары кайра түптөө. 
 
Азыр санарипке өтүп, канча бала төрөлдү деген маалыматтар бизге жеткиликтүү. Ал маалымат Агартуу министрлигине берет, министрлик кайсы аймакта канча бала бакчага барат. Аталган аймакта бакча жетиштүүбү же жокпу деген маселелерди изилдеп, маалыматты Курулуш министрлигине берет. Аталган министрлик бакча жетишпеген аймакка бакчанын имаратын курат. 
 
Баарыбыздын биргелешкен аракетибиз менен Кыргызстандын билим берүү системасы дүйнөлүк стандартка туура келет деген ишенебиз. 
 
Азыр көп окуучулар эл аралык олимпиадаларда ийгиликке жетишип жатам. Мына сиздер окуткан балдар ушундай даражага жетти. 
 
Азыр мугалимдердин статусу кайра жогорулап баратат. Буга чейин заманыбыздын залкар жазуучусу Ч. Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизде фильм тартылган. Ошол боюнча эч нерсе тартылган эмес. Анда кийин, жакынкы убакытта "Агай" деген сериал тартылды",- деди А. Кадыралиев. 
 
Андан соң "Алтын казык" деп аталган 21 ноутбук Баткен, Жалал-Абад, Талас,  Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облусунун мугалимдерине тапшырылды.
 
Аны менен катар эле Догдуркүл Кендирбаева жаңы чакырык - жаңы билим системасын ишке ашыруудагы мугалимдерди ордун белгилеп, заман талабына ылайык келген кадрларды даярдоо ЖОЖдордогу абалына кызыгып, Ош МУнун ректору Кудайберди Кожобековго сөз берди. 
 
Өз сөзүндө Кудайберди Кожобеков аталган университеттеги мугалимдерди даярдоо жараянына, окуу жайдагы жаңы өзгөрүүлөр боюнча кенен маалымат берди. 
 
"Педагогдорду даярдоо боюнча ЖОЖдор кандай иштер аткарылышы керек деген маселени анализдеп, мурда жогорку окуу жайга абитуриенттерди санына карап эле алсак, азыр ваучердик системага шайкеш келген ыкма менен кабыл алдык. Босого балл 130 болсо, быйыл бизде сапаттуу абитуриент келди. Негизги баллы 180-200 болгон абитуриенттер кабыл алынды. 
 
Бүгүнкү күндө студенттерди багыт-багыт менен окутуп жатабыз",- деди ал.
 
Соңунда Энергетика министринин орун басары менен Агартуу министринин орун басары кадрларды даярдоо боюнча меморандумга кол коюшту. 
 
Андан ары форумдун расмий бөлүгү жыйынталып, форум кеңейтилген талкуу форматында уланмай болду. Анда эл аралык тажрыйбасы бар 35 окумуштуу-эксперттер менен мугалимдер ортосунда жаңы окуу системасы боюнча талкуулар эки күн боюу уланат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз