Фин депутаты парламенттин имаратында өзүн-өзү өлтүрдү

19-август күнү таңга маал Финляндия парламентинин 30 жаштагы депутаты Эемели Пелтонен Эдускунта парламент имаратынан өлүк абалда табылды. Бул тууралуу MTV Uutiset жазды.

Iltalehtiнин маалыматына караганда, ал өз жанын кыйган. Парламенттин коопсуздук кызматынын башчысы Ааро Тойвонен журналисттер менен сүйлөшүүдө бул маалыматты четке каккан жок. Полиция анын өлүмүн кырсык катары карап, кылмыштын белгилерин тапкан эмес.
 
Пелтонен оор бөйрөк оорусунан жабыркап, жай башынан бери ооруканада дарыланып жүргөн. Ал июнь айында социалдык тармактарда өзүнүн ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү тууралуу айтып берген.
 
Финляндия парламенти анын жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Маркумдун партиялашы, Социал-демократиялык партия фракциясынын жетекчиси Тютти Туппурайнен бул окуяны "абдан дүрбөлөңдүү" деп атады. Өкмөт башчысы Петтери Орпо депутаттын өлүмүн чоң трагедия катары белгиледи.
 
Эемели Пелтонен эл тарабынан шайланган депутат болгон. Азыр Финляндия парламенти жайкы каникулда, ал эми күзгү сессия 2-сентябрда башталат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз