Ат-Башыга коюлган фототузактарга кызыл китепке кирген жаныбарлар түштү

 

NABU Кыргызстан уюмунун «Мониторинг» жана «Барс» топтору Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө 2024-жылы орнотулган фототузактар жыйналды. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
 
Маалым болгондой, андан алынган фотолордо Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жапайы жаныбарлар — илбирс, аюу, мадыл, сүлөөсүн жана аркар-кулжалардын сүрөттөрү чыкты. Эми алдыда бул жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөлөрү изилденип, аларды коргоо иштерди жүргүзүлөт.
 
«Аталган иш-чаранын алкагында биздин уюмдун кызматкерлери визуалдык байкоо да жүргүзүштү. Анда эчки-теке, аркар-кулжа, сүлөөсүн сындуу жапайы жаныбарлар жана канаттуулардын көптөгөн түрү байкалды. Ал эми жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууларда, мыйзамсыз аң уулоонун зыяндуу кесепеттери айтылып, жаратылышка аяр мамиле кылуу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле уюм тарабынан экологиялык маалыматтар камтылып даярдалган материалдар таратылды»,- деп айтылат маалыматта.
 
NABU Кыргызстан – өлкөдө фототузактарды эң көп орноткон уюм катары белгилүү. Буга чейин жапайы жаратылыштагы миңдеген гектар аймакты көзөмөлдөгөн фототузактар орнотулган. Эми алдыда дагы миңдеген гектар аймактарды изилдеген фототузактарды коюу иштери күчөтүлөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз