Орусиянын ТИМи орус альнистинин Жеңиш чокусундагы абалы тууралуу маалымат берди
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова «Жеңиш» чокусунан түшүп келе жатып жаракат алган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу билдирди.
Орусиянын дипломатиялык ведомствосунун маалыматына ылайык, 12-августта Наговицина бутун сындырып алган. Анын шериги алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, жардам алып келүү үчүн лагерге кеткен. Эртеси күнү Италия жана Германиядан келген альпинистер жабыркаганга керектүү жабдууларды жеткиришкен, бирок аба ырайынын бузулушунан улам кайра кайтууга мажбур болушкан. Андан аркы түшүүдө алардын бири болжолдуу түрдө мээ шишигинен каза болгон.
16-августта кырсык болгон жерге жөнөтүлгөн Кыргызстандын Коргоо министрлигинин тик учагы 4600 метр бийиктикте катуу конууга аргасыз болуп, эки адам жаракат алган. Жардамга башка тик учак жөнөтүлгөн, бирок авиациянын мүмкүнчүлүгү 5500 метрден жогору көтөрүлө албай чектелүү экени айтылган.
19-августта куткаруучулар альпинист кыз турган жерге жетишкен. ОФ ТИМ белгилегендей, издөө жана эвакуация иштерин аба ырайы кыйындатууда жана бул убакытты талап кылат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул кырдаалга өзгөчө көңүл буруп, ыкчам аракет көргөнү үчүн Кыргызстан бийлигине ыраазычылык билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.