Израил армиясы Газа шаарына чабуул жасады
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газага жер үстүндөгү чабуулун баштады. Бул тууралуу армиянын өкүлү генерал Эффи Дефрин билдирип, израилдик күчтөр шаардын четин көзөмөлгө алганын "CentralAsia" басылмасы "The Jerusalem Post" басылмасына шилтеме берүү менен жазды.
Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин маалыматына караганда, операция эң кыска мөөнөттө аяктап, ХАМАСтын акыркы тирек пункттарын жок кылууга багытталган. Коргоо министри Исраэль Кац операция «Гидеондун арабалары-2» деп атала турганын айтты.
Нетаньяху ошондой эле август айынын аягына чейин 80 миңге жакын кишини аскердик кызматка чакырууну тапшырды.
ХАМАС ортомчуларды Израилди басып алуу операциясын токтотууга мажбурлоо үчүн максималдуу басым көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу кыймылдын билдирүүсү Telegram-каналында жарыяланды.
ХАМАС белгилегендей, Израил жетекчилигинин операцияны баштоо чечими «ортомчулар көрсөткөн бардык аракеттерге шалаакылыкты» айгинелеп турат. Кыймыл жоопкерчиликти Израилге эле эмес, АКШга да жүктөдү.
Чабуул Египет менен Катар сунуштаган жаңы ок атышууну токтотуу планын ХАМАС кабыл алгандан кийинки күнү башталды. Өз кезегинде Израил премьер-министринин кеңсеси жаңжалдын аякташы үчүн «беш негизги принципти» бекитти. Алардын катарында ХАМАСтын толук куралсыздандырылышы, бардык туткундардын кайтарылышы жана Газанын демилитаризацияланышы бар.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.