АКШ оор жүк ташуучу автоунаалардын чет өлкөлүк айдоочулары үчүн виза берүүнү токтотту
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 21-августта чет элдик коммерциялык транспорт айдоочуларына жумушчу виза берүүнү токтотконун жарыялады, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
«Бүгүнкү күндөн тартып, биз жүк ташуучу чоң унааларды айдаган чет элдик айдоочуларга жумушчу виза берүүнү убактылуу токтотобуз. АКШнын жолдорунда чоӊ жүк ташуучу унааларды айдап жүргөн чет элдик жарандардын саны өсүп жатканы америкалыктардын өмүрүнө коркунуч жаратууда», — деп жазды Рубио социалдык тармактагы X (мурдагы Twitter) баракчасына.
Ошондой эле ал, чет элдик оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын болушу америкалык жүк ташуучу айдоочулардын кесиптик өсүшүнө тоскоол болуп жатканын белгиледи.
АКШ президенти Дональд Трамп ушул жылдын жаз айларында бардык коммерциялык жүк ташуучу унаа айдоочуларын англис тилин билгенин тастыктоого милдеттендирген буйрукка кол койгон. Буга чейин, айдоочуларды англисче сүйлөбөгөнү үчүн гана жазалоого жол берилчү эмес.
Reuters агенттигинин жазышынча, мындай катуу чаралар Флоридада болгон кайгылуу окуядан кийин кабыл алынды. Анда АКШда мыйзамсыз жүргөн индиялык айдоочу кызматтык жол аркылуу чыгып кетип, кырсыкка учурап, үч адам каза болгон. Айдоочу адам өлүмүнө себепкер болгон деп айыпталып, сот иши үчүн Флоридага жеткирилген.
Транспорт министри Шон Даффи лицензиясы жок жана англис тилин билбеген айдоочулар жолдордо олуттуу коркунуч жаратарын белгиледи. Федералдык автотранспорт башкармалыгы кырсыктын жагдайларын иликтөөнү баштады.
Расмий маалыматтарга караганда, АКШдагы ар бир алтынчы оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочусу (16%) чет өлкөдө төрөлгөн. Учурда Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарында айдоочулар америкалык жумуштарын жоготпоо үчүн англис тилин үйрөнө башташты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.