Садыр Жапаров Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 22-августта «Ынтымак Ордо» имаратында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон «Алтын Қыран» орденин тапшырды.
Токаев 21-22-август күндөрү расмий сапар менен Бишкек шаарында болууда.
«Алтын Қыран» (Алтын бүркүт) ордени — Казакстандын эң жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы болуп эсептелет. Ал Казакстан Республикасына өзгөчө мамлекеттик эмгек сиңирген жарандарга, ошондой эле буга чейин башка ордендер менен сыйланган адамдарга жана Казакстан менен мамилени өнүктүрүүгө чоң салым кошкон чет өлкөлүк мамлекет башчыларына ыйгарылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.