Израилдин аба соккусунан улам Йеменде 6 адам каза болду

Израил армиясынын аба соккусунан Йемендин борбору Санада алты киши каза болуп, дагы 86 киши жаракат алды. Бул тууралуу хуситтердин саламаттык сактоо министри Анис аль-Асбахи социалдык тармактагы билдирүүсүндө маалымдады.

Анын айтымында, соккулар электр станциясына жана мунай компаниясынын объектисине тийген.
 
24-августта Израилдин аскер-аба күчтөрү Санага бир катар аба соккуларын жасаган. Израил армиясы хуситтердин аскердик инфраструктурасын бутага алганын билдирген. Ал эми хуситтердин «Ансар Аллах» кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед Аль-Фаррах Израилдин чабуулдары жарандык калкты бутага алганын айткан.
 
Израил бул аракетин хуситтердин акыркы күндөрү өз аймагына ракеталар жана учкучсуз учактар аркылуу жасаган чабуулдарына жооп катары түшүндүргөн. Аскерлердин маалыматы боюнча, 22-августтун кечинде да Йемен тараптан ракеталык чабуул болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз