Вьетнамда тайфундан улам дээрлик 600 миң адам эвакуацияланууда
Вьетнам бийлиги 25-августта тийиштүү аймактарды капташы күтүлүп жаткан «Кадзики» тайфунуна байланыштуу 586 миң тургунду эвакуациялай турганын CNBC кабарлады. Башка провинциялардын тургундарына болсо тайфундун негизги фронту өтүп кеткенче үйлөрүнөн чыкпоого кеңеш берилди.
«Кадзики» тайфуну 20-августта Филиппиндерге жакын деңизде пайда болгон. Бара-бара ылдамдыгын күчөтүп, Кытай менен Вьетнамга карай жылып баратат. Тайфундун ичиндеги шамалдын ылдамдыгы дээрлик саатына 200 км жетүүдө. Ал Вьетнам жээгине 25-августтун таңында келип, 300–400 мм жамгырды алып келиши күтүлүүдө. Бул суу ташкындарына жана жер көчкүлөрүнө алып келиши мүмкүн. Күчтүү шамалдан улам жээктеги толкундардын бийиктиги 2–4 метрге чейин чыгышы ыктымал.
Региондогу дээрлик 60 миң кичи кеме жана кайыктарга коркунуч тууралуу эскертүү берилди. Вьетнамдын эң ири аба ташуучусу Vietnam Airlines жана арзан каттамдарды аткарган Vietjet Aviation борбордук шаарларга жасала турган ондогон каттамдарды токтотту. Эксперттердин баалоосуна ылайык, «Кадзики» 300 миң гектардай күрүч талаасына жана 77 миң жемиш бак-дарактарын өстүргөн плантацияларга зыян келтириши мүмкүн.
24-августта «Кадзики» Кытайдын Хайнань провинциясынын үстүнөн өттү. Бул жерде Кытайдын курорттук шаары Санья жайгашкан. Анда эң жогорку — «кызыл» деңгээлдеги коопсуздук жарыяланды. Жакынкы күндөрү мектептерде сабактар токтотулуп, курулуш иштери убактылуу токтотулат, соода борборлору жана ресторандар жабылат. Кечээ бул аймактан 20 миңге жакын тургун эвакуацияланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.