Ош: Алишер Навои көчөсү кеңейтилип, жаңы асфальт басылгандан кийин ачылды

Бүгүн, 27-август күнү Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсү кеңейтилип, жаңы асфаль төшөлгөндөн кийин ачылды, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Анын кызыл тасмасын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов баштаган топ кесишти.
 
Ачылуу аземдин жүрүшүндө калаа мэри республикалык бюджеттен берилген 2 млрд сомдун эсебинен ушул да салынганын айтып, буларга токтолду.
 
«Жол 6 тилкелүү болду. Башында жолдун четиндеги мыйзамсыз курулуштарды бузган учурда нааразы болгон жарандар азыр ыраазы болуп жатышат»,- деди Ж. Токторбаев.
 
Аталган жолду «Аэродромдорстрой» ачык акционердик коому курду. Жолдун узундугу 2 чакырым 6 метрди түзүп, 26 метр кеңдикте курулган. Анын ичинен 19 метри автоунаалар жүрүүчү тилкеси, 7 метри тротуарга, жашыл аймагы үчүн бөлүнгөн.
 
Аталган ачык акционердик коомдон кабарлашкандай, жолдун курулушун куруугу Ош мэриясы менен 390 млн сомго кол коюлган. Бирок, 340 млн сомго жол толук түрдө курулуп бүтөт. 
 
«Жолдун жашыл аймагы, троутары сентябрга чейин бүтөт. Бул жолдун астындагы коммуникациялык сеттер – канализация, тазаа суу түтүктөрү толук түрдө алмашты»,- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз