Президент Садыр Жапаров Бишкектеги «Евразия» аттракциондор паркын ачты

Бүгүн, 28-августта Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Бишкекте жаңы ачылган «Евразия» аттракциондор паркынын салтанаттуу ачылышына катышты.

Жаңы парк 10 гектар аянтка жайгашып, анда 30дан ашык аттракцион, спорттук аянтчалар, фудкорт жана соода жайлары бар. Кирүү акысыз болуп, расмий мобилдик колдонмо аркылуу берилүүчү QR-код аркылуу ишке ашат.
 
Иш-чарада балдар оюн көрсөтүшүп, Президент парк аймагын кыдырып көрдү. Өз сөзүндө Садыр Жапаров Бишкектин акыркы жылдары экономикалык, транспорттук жана маданий борбор катары тездик менен өнүгүп жатканын белгиледи.
«Шаарыбыз көрктөнүп, жаңы объектилер курулуп жатат. Бул парк дагы борборубуздун кооздугун арттырып, балдарга, жаштарга жана туристтерге эс алуу мүмкүнчүлүгүн берет», — деди Президент.
 
Маалыматка караганда, парктын курулушу 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун кызматташуу келишиминин алкагында башталган. Долбоорго 35 млн АКШ доллары көлөмүндө инвестиция тартылган. Каржылоо «Евразия» фонду тарабынан меценаттык негизде жүргүзүлгөн.
 
Мамлекет башчысы паркка кирүүнүн акысыз экенин белгилеп, бул чечим бардык балдарга бирдей шарт түзүү үчүн кабыл алынганын айтты. Ошондой эле ал шаардыктарды аттракциондорго аяр мамиле кылууга чакырды.
 
Өз кезегинде «Евразия» уюмунун Кеңешинин төрайымы Алена Аршинова долбоор Президенттин колдоосу менен ишке ашканын белгилеп, парк Борбор Азиядагы уникалдуу үй-бүлөлүк эс алуу жайына айланаарына ишеним билдирди.
 
Иш-чаранын соңунда Президент боз үй формасындагы экспозиция менен таанышып, анда кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган буюмдар коюлган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз