UFC: Валентина Шевченко Вэйли Жанг менен мелдешет
Валентина Шевченконун UFCдеги кийинки атаандашы белгилүү болду.
Маалыматка караганда, учурдагы жеңил салмактагы (57 кг чейин) чемпион айым кийинки титул коргоо беттешин 16-ноябрда АКШда өтө турган UFC 322 турниринде өткөрөт. Шевченконун атаандашы Кытайдан келген эң жеңил салмактагы чемпион айым Вэйли Жанг болот.
Жекеме-жекеге 57 кг чейинки салмак категориясында чыгышат.
Шевченко менен Жангдын беттеши бир нече жыл мурун да талкууланган, бирок ар кандай себептерден улам спортчулар октагонго жолукпай келишкен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.