Ташиев 9 балалуу үй-бүлө менен жолугуп, алардын маселесин чечип бермей болду

Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы — Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев 31-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылына иш сапары менен барып, объектилерди кыдырып жүргөн учурда ага 11 адамдан турган үй-бүлө жолугушту.

Жубайлар тогуз баланы тарбиялап жатышканын, бирок өздөрүнүн үйү жок экенин айтты.
 
«Эми мен эмне кылам? Кайдан болосуңар? Эмне үчүн тогуз балаңар бар да, үйүңөр жок? Күйөөң кайда?», — деп сурай баштады Ташиев.
 
Аял күйөөсүн көрсөтүп, ал үй-бүлөсүнүн артында турган, андан соң Ташиев аны чакырды.
 
«Эмне үчүн тогуз баланы төрөттүңөр да, үй албадыңар?», — деп сурады Ташиев.
 
Үй-бүлө башчысынын айтымында, мурда ага жер тилке белекке берилгенин, ал жерге фундамент куйганын айтты. «Мен Жалал-Абаддан болом, бирок азыр Оштон жашайбыз. Фундаментти бузушкан, анткени ал участок трансформацияга кирбейт экен», — деди ал.
 
«Ошондуктан туура жерге куруу керек — бул биринчиден. Экинчиден, канча жаштасың?», — деп тактады Ташиев.
 
«37», — деп жооп берди ал.
 
«Сен 37 жашка чыктың. Балдарыңа үй куруш керек. Сен эмне кылып жатасың? Артымдан эле чуркап жүрөсүңбү? Макул, азыр сага үй берип койсом, анан эмне кыласың? Колу-бутуң бар, саламатсың. Иште, үй кур. Эмне үчүн бейбак балдарды кыйнайсың? Артымдан ээрчип жүрөсүң… Өзүң үй кур, карап, тарбиялап чоңойт балдарыңды. Кайсы жакка барбайын, артымдан ээрчип жүрөсүңөр, мен силерге милдеттүү сыяктуусуңар. Эгер тогуз бала төрөсөңөр, анда аларга үй куруш керек, окутуш керек, кийинтириш керек. Ар бир ата-эне баласына жооптуу болушу зарыл. Ипотекага үй алгыла. Мен кайсы жерден силерге үй куруп берем? Артымдан ээрчигениңерди токтоткула, мен ар бир кишиге үй куруп бере албайм. Кыргызстанда мындай үйү жок миңдеген үй-бүлө бар. Ошол көйгөйдү чечүү үчүн биз ипотекалык үйлөрдү куруп жатабыз. 70 миң үй-бүлө үйлүү болот», — деди Ташиев.
 
Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы дагы бир жолу үй-бүлөгө ипотекалык кезекке туруу жана иштөө зарылдыгын айтты.
 
«Ошто кайсы жерде жашайсыңар?», — деп сурады Ташиев.
 
«Боз-Адыр айылында», — деп жооп беришти алар.
 
«Тогуз балаңар бар экен… Үй кургула да, ботом! Эмнеге балдарыңарды ээрчитип, мени кыйнап жүрөсүңөр? Бул туура эмес. Эгер майып болсоңор, жардам берчү элек, бирок өзүңөр соо киши экенсиңер. Артымдан ээрчибегиле…», — деп талап койду Ташиев.
 
Бирок Ташиев акыры жардам берүүнү чечти. Ал жергиликтүү бийликтин өкүлүн чакырды.
 
«Кара-Суу районунун акими менен сүйлөшүп, аларга жер тилке бөлүп бергиле. Жер берилгенден кийин үй куруу маселесин чечебиз», — деп жыйынтыктады Ташиев.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз