CAFA: Кыргызстан биринчи турдан кийин 1-орунга жайгашты

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы CAFA улуттар кубогунун турнирдик таблицасында биринчи турдан кийин лидерликти камсыздады.

А тайпасындагы биринчи турдун беттештери 30-августта Ташкентте өттү.
 
Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстанга каршы оюн өткөрүп, кездешүү 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Урмат Абдукаимовдун командасы үчүн Жоэл Кожо гол киргизди.
 
Бул тайпадагы дагы бир беттеште Өзбекстан менен Оман курама командалары тең чыгып, оюн 1:1 эсебинде аяктады.
 
А тайпасындагы экинчи турдун беттештери 2-сентябрда өтөт, анда Кыргызстандын курама командасы Оман менен ойнойт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз