Альпинст айым Наталья Наговицына каза болду деп жарыяланды
Жеңиш чокусундагы кырсыктан кийин альпинист Наталья Наговицына каза болгон деп таанылды, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.
Кыргызстан альпинизм жана скалолазм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдиргендей, бүгүн «Түштүк Энильчек» базалык лагеринен бийик жерлерди тарта турган дрон аркылуу Жеңиш чокусунун боорлору кылдат эки ирет текшерилип чыккан.
«Тилекке каршы, Наталья Наговицынанын жашоо белгилери байкалган жок. Бардык куткаруу иштери токтотулду. Кыргыз тарап альпинистти сактап калуу үчүн болгон аракетин жасады, бирок чектен тыш бийиктик, катаал аба ырайы, тик кырдаал жана куткаруучулардын абалы күтүлгөн жыйынтыкка жеткирген жок. Победа чокусунун тарыхында 7200 метр бийиктикте ийгиликтүү куткаруу иши болгон эмес, ошондуктан альпинисттердин өмүрүн тобокелге салууга укугубуз жок болчу», — деп жазды Кубатов.
Ал куткаруу иштерине катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.
Буга чейин Орусиянын жараны Наталья Наговицына 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун жаракаттап алган. Жанында болгон башка альпинисттер аны 7100 метр бийиктиктеги асканын түбүнө калтырып, чатыр, уктоочу баштык, суу жана бир аз тамак-аш берип түшүп кеткен. Бирок алардан бири — Италиянын жараны — жүрөк оорудан улам 6900 метр бийиктикте каза болуп калган.
16-августта бул аймакка Кыргызстандын Коргоо министрлигинин куткаруучулары барган, бирок тик учак «Звездочка» мөңгүсүнө (4600 м) катуу конуп, бир нече киши жабыркаган. 19-августта дрон аркылуу 7100 метр бийиктикте Наговицынанын чатыры тартылып, ал жашоо белгилерин бергендиги кабарланган. Мунун негизинде экинчи куткаруу аракети уюштурулган, бирок 23-августта топ жетекчиси жаракат алып, аба ырайынын бузулушуна байланыштуу куткаруучулар кайра кайтууга аргасыз болушкан.
Адистердин айтымында, мындай бийиктикте (-20° суукта) тамак-аш менен суусуз адамдын тирүү калышы дээрлик мүмкүн эмес. Наталья тоодо үч жумадай кармалып калган.
Анын сөөгүн эвакуациялоо иштери кийинки жылга жылдырылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.