Касымалиев менен Ташиев Олимпиадалык курамдын оюнун көрдү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын футбол беттешине катышты.

Мындан тышкары, оюнду Министрлер Кабинетинин төрага орун басары Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка адамдар да байкап турушту.

Кабминдин маалыматына ылайык, бул беттеш улуттук курама командалар арасында өткөн 2026-жылкы Азия Кубогуна (U-23) тандоо оюнунун алкагында өткөрүлдү.

Оюн Кыргызстандын курама командасынын 2:1 эсебиндеги жеңиши менен жыйынтыкталды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз