Астанада өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатта Нурадин Рустамбек уулу жарым финалга чыкты
Кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулу Казакстанда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө кубогунун жарым финалына чыкты.
World Boxing уюмунун колдоосу алдында өтүп жаткан турнир ушул күндөрү Астанада өтүүдө.
Рустамбек уулу 75 кг чейин болгон салмак категориясында ринге чыгып, чүчү кулактын жыйынтыгында бирден-бирден 1/4 финалдан баштады.
Кыргызстандык спортчунун биринчи атаандашы англиялык спортчу болуп, Нурадин аны калыстардын бөлүнгөн чечими менен утуп, жарым финалга жолдомо алды.
Жарым финалда Рустамбек уулу Болгариянын спортчусу менен беттешет.
Ал эми 4-июлда дагы бир кыргызстандык Омар Ливаза 1/4 финалдык беттешин өткөрөт.
Кыргызстандан чыккан калган үч спортчу медал үчүн күрөштөн четтетилди.
75 кг чейин
1/4 финал
Нурадин Рустамбек уулу – Кайл Шоу-Таллин (Англия) – 4:0 (29-27, 30-26, 30-26, 30-26, 28-28)
5-июль
1/2 финал
Рами Киван (Болгария) – Нурадин Рустамбек уулу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.