Бишкекте сойкулукка каршы рейд болуп, 36 кыз милицияга жеткирилди
Бишкек шаарында милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери «Притон» аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу 9-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти, деп "Сводка АКИпресс".
Милиционерлер сауналарды, мейманканаларды жана суткасына ижарага берилген батирлерди текшеришти. Натыйжада РИИБге 36 кыз жеткирилип, алардын системалуу түрдө интимдик кызмат көрсөтүп жүрүшкөнү аныкталды. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесинин 2-бөлүгү («Сойкулук менен алектенүү») боюнча 12 протокол түзүлдү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




