Бишкекте сойкуна аныкталды. Милиция уюштуруучуларды кармады

Бишкек шаарынын ИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери притонду жойуп, анын уюштуруучусун кармашты.

Шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Притон» аттуу рейддин жүрүшүндө милицияга «Г» аттуу жаран айым тууралуу маалымат түшүп, ал проституция менен алектенүү үчүн жай уюштуруп, кармап турганы аныкталган.
 
Текшерүү маалында бул маалымат тастыкталды.
 
Биринчи Май райондук ИИБнин Тергөөнүн кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси («Проституцияга көмөктөшүү») боюнча кылмыш ишин козгоду.
 
Шектүү Ж.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
 
Мындан тышкары, проституция менен алектенип жүргөн кыздар милицияга жеткирилди. Алардын айтымында, алдын ала сүйлөшүлгөн акчага интимдик кызмат көрсөтүшкөн. Алынган сумманын 50%ын уюштуруучу «Г»га шарт түзгөндүгү үчүн берип турушкан.
 
Алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 109-2-беренеси («Проституция менен алектенүү») боюнча административдик протоколдор түзүлүп, профилактикалык маектер өткөрүлдү.
 
Мындан сырткары, бул маалымат аталган притондун кызматынан мурда пайдаланган эркектин көрсөтмөсү аркылуу да кошумча тастыкталды.
 
Учурда бул фактка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз