Бишкекте 22 жаштагы жигит апасын өлтүрүүгө шектелип кармалды
49 жаштагы борбор шаардын тургуну өзүнүн 22 жаштагы уулуна чара көрүп берүүнү суранып, милицияга эки ирет кайрылганын 9-сентябрда «Сводка АКИpress» редакциясына булактары билдиришкен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Биринчи май райондук милициясына алгачкы арыз түшкөндө сотко чейинки текшерүү башталган. Анын жыйынтыгында материалдар Коомдук коопсуздук кызматынa өткөрүлүп берилген. Аймактык милиционерлер жигитке протокол түзүп, сот аны беш суткага камакка алган. Көп өтпөй бишкектик аялдан окшош мазмундагы арыздар кайрадан түшө баштаган.
15-августта аял менен уулу жашаган көп кабаттуу үйдүн тургундары милицияга кайрылышкан. Коңшулары жаман жыт чыгып жатканын билдиришкен. Текшерүү учурунда аймактык милиционер жыт чыккан батирди тапкан. Ичинен аялдын сөөгү табылган.
Бул факты КР Жазык кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча катталды. Шектүү катары маркумдун 2003-жылы төрөлгөн уулу М.А. кармалып, СИЗО-1ге киргизилди.
Иштин алкагында соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




