Алайдагы айтышта Чыңгызхан Кожошев баш байгени - Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир утту ФОТО


  

Бүгүн, 12-сентябрда, Алай районунун Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган эл аралык айтыштын финалдык туру өттү.

Финалга чыккан 8 жуп акындын арасынан Чыңгызхан Кожошев мыкты деп табылып, гран-принин жеңип алды. Ага Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир бериле турган болду. Сыйлык Алай райондук стадионунда президенттин катышуусунда тапшырмалары белгилүү болду.

Байге фонду 6 млн сомдук төкмө акындардын айтышы кечээ 11-сентябрда башталып, тандоо туру өткөн. Ал алгач алым сабак форматында жүрүп, жыйынтыгында 16 кыргыз акыны иргелип чыккан. Жарым финалда алар 4 казак акыны менен күч сынашкан. Андан соң калыстар тобу тарабынан упай эсебинин негизинде жогорку көрсөткүчкө жеткен 8 акын финалдык турга жолдомо алган. Жыйынтыгында:

• 3-орун Жылдызбек Төрөканов (200 миң сом);

• 2-орун Кутман Садыбакасов (300 миң сом);

• 1-орун Изат Айдаркулова (500 миң сом) болуп бөлүштүрүлдү.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыргандар Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары калган катышуучуларга да акчалай белектерди беришти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз