Бекназ Алмазбеков украин чемпионатында карьерасындагы эң ооматсыз мелдешин өткөрдү
Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Бекназ Алмазбеков Украина чемпионатындагы өз клубу үчүн кезектеги оюнун өткөрдү, деп жазат "Спорт АКИпресс".
13-сентябрда Алмазбеков ойногон «Рух» өз талаасында Украин Премьер-Лигасынын 5-турунда «Эпицентрди» кабыл алды.
Кыргызстандык оюнчу Азия кубогунун (U-23) тандоо оюндарында улуттук курама команда үчүн ийгиликтүү оюн көрсөтүп келгенден кийин бул жолу матчты запас оюнчулар арасында баштап, тайм тыныгуусунда талаага чыкты. Ошол учурда эсеп 0:0 болчу.
67-мүнөттө кыргызстандыктын колуна топ тийип, «Рухтун» дарбазасына пенальти дайындалды. Аны атаандаш так аткарып, эсеп 1:0 болду.
Кошумча убакытта «Рух» дагы пенальти алган. Топту аткаруу үчүн Алмазбеков барды. Бирок кыргызстандык оюнчу топко чуркап келип, дарбазадан мимо тепти.
Натыйжада «Рух» 0:1 эсебинде утулуп, төртүнчү жолу катары менен жеңилүүгө дуушар болуп, түшүп кетүү зонасына түшүп калды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.