Непалдагы массалык башаламандыктардан кийин убактылуу премьер-министр дайындалды
Непалда массалык нааразычылык акциялары аяктагандан кийин убактылуу премьер-министр болуп Жогорку соттун мурдагы төрайымы Сушила Карки дайындалды, деп чет элдик ЖМКлар билдиришти.
Карки өлкөнүн биринчи аял-премьери болуп, жума күнү ант берди. Буга чейин «Z муунунун нааразычылык акциясы» деп аталып калган массалык митингдер мурдагы өкмөттүн кулашына алып келген. Ишемби күнү бийлик борбор шаар Катмандуда жана жакынкы райондордо жуманын башынан бери күчүндө болуп келген коменданттык саатты жокко чыгарды.
Президент Рам Чандра Пудель Каркини убактылуу өкмөт башчысы кылып дайындап, жаңы шайлоо 2026-жылдын 5-мартына белгиленгенин жарыялады.
Сушила Карки Непалда Жогорку соттун төрагалыгына (2016–2017-жж.) жеткен жалгыз аял катары белгилүү. Ал мезгилде ал коррупцияга каршы күрөшкөнү менен таанылган, айрым депутаттар аны импичментке дуушар кылууга аракет кылышкан.
Премьер-министрлик кызматындагы биринчи күнүндө Карки борбордогу Граждандык ооруканага барып, жарадар болгон демонстранттарды көрүп чыкты жана: «Менде эмне болсо ошону менен иштейм», — деп билдирди.
Катмандудагы нааразычылык дүйшөмбү күнү бийлик социалдык тармактарды колдонууга тыюу салгандан кийин тутанган. Жаштар коррупцияга, жумушсуздуктун жогорку деңгээлине жана саясий элитанын жашоо образдарына нааразычылыгын билдиришкен.
Он миңдеген адамдар жолдорду тосуп, өкмөттүк имараттарды штурмдап, саясатчылардын үйлөрүнө өрт коюшкан. Бийликтин маалыматы боюнча, бир жуманын ичинде кагылыштарда 51 адам набыт болгон, алардын ичинде нааразычылар, полиция кызматкерлери жана борбордук түрмөдөгү башаламандыктарды уюштурган айрым соттолгондор бар.
Премьер-министр Кхадги Прасад Олинин шейшемби күнү отставкага кетиши нааразычылар, аскер жана президенттин убактылуу өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнө жол ачты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.