Исмаил Мусукаев дүйнөлүк чемпионатта Эрназар Акматалиевге эмне үчүн утулуп калганын айтты

Венгриялык Исмаил Мусукаев Хорватияда өткөн дүйнө чемпионатындагы жеңилүүсүнүн себептери тууралуу айтты, деп жазат "Спорт АКИпресс".

Загребдеги турнирде ал 61 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, чейрек финалда япониялык балбанга 0:10 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утулуп калды. Кармаштын жүрүшүндө Мусукаев атаандашынын партердеги аракеттерине ачууланып, муштум көтөрүп, чыр чыгарды.
 
Андан кийин утулгандар арасында өткөрүлгөн биринчи беттеште Мусукаев килем үстүндө кыргызстандык Эрназар Акматалиев менен күч сынашып, 4:14 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утулду.
 
«Оюмча, бул жерде мурунку күнкү окуядан калган психологиялык фактор таасир этти. Күрөшүүгө болгон каалоо да бир аз азайды. Мага жаңы эрежелер да таасир эткендей сезилди: эми мелдештер эки күнгө созулат. Биринчи күнү килемде бүт күчүңдү сарптайсың, экинчи күнү эртең менен ойгонгондо денең баары ооруйт. Эгер баары бир күндө бүтсө жакшы болмок. Бул менде биринчи жолу эмес, экинчи күнү өзүмдү чогулта албай калам. Олимпиадада да ушундай болгон», – деди Мусукаев журналист Вячеслав Абдусаламовго берген маегинде.
 
Эрназар Акматалиев болсо Хорватиядагы турнирде 1/8 финалда япониялык балбанга утулуп калган. Ал беттеште тизесинен жаракат алганы айтылат. Ошого карабастан, кийинки эки кармашын утуп, коло медаль тагынууга жетишти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз