Бекзат Алмаз уулу Түндүк Кореянын балбанынан жеңилип, күмүш медаль тагынды
Кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи.
Ал эркин күрөш боюнча 57 кг чейинки салмакта күч сынашты.
Алмаз уулу адегенде канадалык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, 1/8 финалда жапон спортчусун утту. Чейрек финалда македониялык балбанды жеңип, жарым финалга чыкты.
Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан Париж олимпиадасында коло үчүн болгон кармашта утулуп калган өзбекстандык атаандашынан өч алды.
Алмаз уулу финалга чыгып, Азиянын учурдагы чемпиону болгон Түндүк Кореянын өкүлү менен беттешти.
Финалдык кармашта түндүккореялык балбан жеңишке жетип, Алмаз уулу 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.
Бул медаль Хорватиядагы турнирде Кыргызстан үчүн экинчи болду. Бир күн мурда Эрназар Акматалиев 70 кг чейинки салмакта коло байге алган.
57 кг чейинки салмакта натыйжалар:
1/16 финал
Гаретт Аустин Саундерс (Канада) – Бекзат Алмаз уулу — 0:11
1/8 финал
Рин Сакамото (Жапония) – Бекзат Алмаз уулу — 4:9
Чейрек финал
Владимир Егоров (Македония) – Бекзат Алмаз уулу — 5:16
Жарым финал
Бекзат Алмаз уулу – Гуломжон Абдуллаев (Өзбекстан) — 8:0
Финал
Бекзат Алмаз уулу – Чонг Сонг Хан (КНДР) — 9:12
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.