Салык кызматынын башчысы менен депутат кайым айтышты

Жогорку Кенештин жыйынында бүгүн, 18-сентябрда депутат Гуля Кожокулова салык тармагындагы мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна каршы чыкты, деп жазат "Тазабек" басылмасы.

«Электрондук капчык жана жарандар тууралуу маселеде кеп банк сырдуулугу жөнүндө болуп жатат. Жарандардын жеке эсептерине кийлигишүү болбошу керек», — деди ал.
 
Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов бул маселени Салык кызматы Улуттук банк менен чечкенин, маселе буга чейин эле жабылганын айтты.
 
«Эмнеге бул маселени сиздер бир эле Улуттук банк менен чечесиздер?», — деп сурады депутат.
 
«Сиздерди Улуттук банк суранып чыгып сүйлөп жатасыздарбы? Эмне жөнүндө сөз болуп жатат?», — деди Салык кызматынын жетекчиси.
 
Депутат болсо бул маселе жарандардын кызыкчылыгына байланыштуу экенин билдирди.
 
«Эмне жөнүндө сөз болуп жатат? Сиз бизди айыптап жатасызбы?», — деп сурады Шыкмаматов.
 
«Мен сизди айыптаган жокмун, мен жөн гана суроо бердим. Сиз дагы чектен чыкпаңыз. Башка жакка буруп баратканыңыз туура эмес. Мени ушундай учурлар түйшөлтөт. Менин макулдугумсуз, кабарымсыз Салык кызматы менин эсептериме кийлигишип калат деп кооптонуп жатам», — деди депутат.
 
Салык кызматынын жетекчиси маалыматты тактады: эгерде сот бул карыздарды таанып, чечим чыгарса гана кийлигишүү болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз