"Алай" клубу Жаштар лигасынын чемпиону болду

Кечээ, 17-сентябрь күнү Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын базасында Кыргызстандын футбол боюнча Жаштар лигасынын финалдык этабы болуп өттү.

Анда «Алга» менен «Дордойдун» 3-орун үчүн болгон беттеши, борбордун клубунун жеңиши менен аяктады. Эсеп – 3:2. «Алга» Жаштар лигасынын кол байгесин жеңди.
 
Ага улай эле оюндун финалдык беттешинде «Алай» клубу менен «Өзгөн» клубу кез келип, «Алай» клубу 1:0 менен жеңип алды. Натыйжада «Алай» клубу Жаштар лигасынын чемпиону болду.
 
Ошондой эле Жаштар лигасынын финалдык этабынын мыктылары да сыйланды. «Алай» клубунун дарбазачысы Марсел Убайдуллаев «Мыкты дарбазачы» наамына татыктуу болуп, сыйланган болсо, «Өзгөн» клубунун чабуулчусу Анвар Сагынов финалдык этабдын «Мыкты бомбардири» наамын ээ болуп, сыйланды. Ал эми «Өзгөн» клубунун дагы бир оюнчусу Умар Абдуллаев  финалдык этабдын «Мыкты оюнчусу аталды.
 
Мелдештин жыйынтыгы:
«Алай» клубу – чемпион;
«Өзгөн» клубу – күмүш байгенин ээси;
«Алга» клубу – кол байгенин ээси;
«Дордой» клубу – үчүнчү орундун ээси.
 
Жаштар лигасы Кыргыз премьер-лигасында ойногон 14 клубдун 18 жашка чейинки курактагы футболчулардан куралган клубдардын  чемпионаты болуп саналат. Лига «А» жана «В» зонасы болуп эки зонага бөлүнгөн. «А» зонасынын тайпалык этаптарында «Дордой», «Алга», «Кыргызалтын», «Барс», «Илбирс», «Абдыш-Ата», «Азиягол», «Бишкек сити», «Талант» клубдары ойноп, натыйжада «Дордой» клубу менен «Алга» клубу 1-2-орунду алып, финалдык этапка жолдомо алышкан. Мындан сырткары, «В» зонасында «Алай», «Мурас Юнайтед», «Өзгөн», «ОшМУ», «Нефтчи» клубдары ойноп, «Алай» менен «Өзгөн» 1-2-орунду алып, финалдык этапка өткөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз