1-октябрдан тарта пенсиянын орточо көлөмү 11,4 миң сомду түзөт, - Соцфонд
Орточо айлык пенсия өлкөдө 10 543 сомду түзөт, деп билдирди Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 22-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин жыйынында.
Анын айтымында, 1-октябрдан тартып сумма өзгөрүп, 11 400 сомду түзөт, ал эми эң төмөнкү пенсия өлчөмү 7 200 сом болот.
Суроого жооп берип жатып, ал аскер кызматкерлеринин пенсиялык саясатын Соцфонд жүргүзбөй турганын айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




