Өлкөдө октябрдан тартып пенсиянын жогорулашы күтүлүүдө
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар жогорулайт. Социалдык фонд бул боюнча токтом долбоорун даярдаган, деп жазат "АКИпресс" агенттиги.
Пенсияларды индексациялоо жыл сайын Социалдык фонддун бюджетине киргизилген каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Пенсионерлердин жашоо деңгээлин колдоо максатында пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо коэффициенти 1,10 көлөмүндө белгиленүүдө. Бул төмөнкү пенсияларды камтыйт:
Камсыздандыруу бөлүгү 50 000 сомдон ашпаган пенсиялар — алар 1,10 коэффициенти менен жогорулайт, бирок 600 сомдон кем эмес өлчөмдө (бул – минималдуу жогорулатуу чек);
Камсыздандыруу бөлүгү 50 000 сомдон ашкан пенсиялар — жогорулоо 5 000 сомдон ашпайт (бул – максималдуу чек).
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу үчүн 2 миллиард 43 миллион 874 миң 402 сом керектелери алдын ала эсептелген.
Социалдык фонд белгилегендей, 600 сомдук минималдуу чек аз камсыз болгон жарандардын кызыкчылыгын коргоо үчүн каралган. Ал эми 5 миң сомдук жогорку чек – ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, 2025-жылдын 1-октябрынан тарта жаңы дайындалуучу пенсиялардын базалык бөлүгү кошулган жалпы өлчөмү пенсионердин мурунку жылдагы жашоо минимумунан төмөн болбоого тийиш. Ал 7065 сомду түзгөн, тегеректелип 7100 сом деп кабыл алынат.
Социалдык фонддун алдын ала маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө 818,7 миң пенсионер болот. Индексациядан кийин пенсиянын орточо көлөмү 11 миң 226 сом болот деп күтүлүүдө.
2024-жылы пенсиялар эки этап менен жогорулаган: базалык бөлүгү теңделип, камсыздандыруу бөлүгү 18%ке же 1000 сомго көтөрүлгөн. Кыргызстанда пенсияга чыгуу жаш курагы: аялдар үчүн — 58 жаш, эркектер үчүн — 63 жаш.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.