Трамп БУУдан алган нерселерди атады: иштебеген телесуфлер жана эскалатор

АКШнын президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасынан бул уюмдан эки эле нерсе алганын айтты: иштебеген телесуфлёр жана эскалатор.

Трамп уюмдагы эскалатор боюнча болгон окуяны айтып берди: ал «жогору чыгып бара жатып, так ортосунда туруп калганын» белгиледи.

«Эгерде Биринчи айым мына ушундай мыкты формада болбогондо, жыгылып калышы мүмкүн эле», – деп баса белгиледи ал.

«Ал эми азыр телесуфлёр башында иштебей калды. Мына ушу эки нерсени мен БУУдан алдым: иштебеген эскалатор, иштебеген телесуфлёр. Мунун үчүн чоң рахмат», – деди АКШнын президенти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз