Жогорку Кеңештин депутаттары тарады
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда VII чакырылыштагы депутаттардын өзүн-өзү таркатуу тууралуу токтомун кабыл алды. Бул сунушту 32 депутаттан турган демилгелүү топ алып чыккан.
Катталган 89 депутаттын ичинен 84ү «макул» добуш берди.
Алай шайлоо округунан депутат Улан Примов өзүн-өзү таркатууга зарыл болгон эки себепти атады:
жаңы шайлоо жөнүндө мыйзамдын (парламенттик шайлоонун жаңы системасынын) кабыл алынышы;
Жогорку Кеңеш менен президенттик шайлоолордун ортосундагы мөөнөттүн кыска болушу.
ЖКнын VII чакырылышынын конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын ноябрында аяктайт. Президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтүшү пландалууда.
Демилгечилердин пикиринде, эки ири саясий өнөктүктүн катар өтүшү коомдук-саясий туруктуулукка таасир этүүсү мүмкүн.
Өзүн-өзү таркаткандан кийин президент парламенттик мөөнөтүнөн мурдагы шайлоону дайындоо тууралуу жарлыкка кол коюшу керек. Шайлоо жаңы система менен өтөт — 30 округдан, ар биринен 3 депутаттан (2 эркек жана 1 аял) шайланып келет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




