Аяна Расул кызы "Мисс Кыргызстан 2025" сынагынын жеңүүчүсү болду

19 жаштагы Аяна Расул кызы «Мисс Кыргызстан 2025» наамын жеңип алып, 200 миң сом сыйлыкка ээ болду.

Ал эл артисти Расул Маматкуловдун кичүү кызы.

Конкурстун уюштуруучуларынын маалыматына караганда, дагы үч катышуучу гран-при сыйлыгына татыктуу болушту:

Miss Kyrgyzstan Universe — Анара Эсенгельдиева, ал өлкөнү «Мисс Вселенная» сынагында өкүлчүлүк кылат.

Miss Kyrgyzstan Grand International — Медина Эрмекова, ал «Мисс Гранд Интернешнл» сынагына катышат.

Miss Kyrgyzstan International — Сюзанна Уметова, ал «Мисс Интернешнл» сынагында өлкөнүн атынан чыгат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз