"Президент да, генерал да батасын бербейт". Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кайрылуу менен чыкты

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентти таркатуу чечими кабыл алынгандан кийин депутаттардын алдында билдирүү жасады.

Ал мындай чечим биринчи жолу парламенттин өзү тарабынан, эч кандай тышкы таасирсиз кабыл алынып жатканын белгиледи.

Спикердин айтымында, 4 жылдык ишмердүүлүктүн жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер чечилди. Анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелери, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынды, административдик-территориялык реформа жүргүзүлдү, репрессияга кабылгандар реабилитацияланды жана башка олуттуу маселелер каралды.

Спикер алдыдагы мөөнөтсүз шайлоолорго да токтолду.
«Бул жерде 90 депутат отурат. Эгер баары шайлоо жөнүндө мыйзамдын жана Конституциянын талаптарына жооп берсе... Айрым чектөөлөр бар: мисалы, соттуулугу барлар же коррупциялык иштерге аралашкандар катыша албайт. Ал эми калган бардык жарандар — жашы 25тен өткөн жана жогорку билими барлар — өз талапкерлигин коё алышат. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоо президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин аракеттери менен таза өткөн. Алдыдагы шайлоо да акыйкат өтүшү керек. Биз баарыбыз бул үчүн аракет кылышыбыз зарыл. Мурдагыдай добуш сатып алуу, коркутуу же башка ыкмаларды колдонууга болбойт. Силер ак ниет аракет кылышыңар керек. Бардык мыйзам бузуу учурлары катуу жазаланат», — деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле Тургунбек уулу президенттен же спикерден «батасын алган» деген сөздөрдүн чындыкка эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалады.

«Президент [Садыр Жапаров], төрага [Нурланбек Тургунбек уулу], урматтуу генералыбыз [Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК башчысы Камчыбек Ташиев] эч кимге батасын бербейт. Бул ишти эл өзү чечет. Бул жөн гана чындыкка дал келбеген ушак-айыңдар. Азыркы бийлик шайлоого кийлигишүүнү да, шайлоонун жыйынтыгынан кийинки саясий кырдаалга таасир этүүнү да каалабайт. Бийлик шайлоонун таза өтүшүн каалайт. Бул маселени биз президент жана генерал менен талкууладык. Эч кимге көмөк көрсөтүлбөйт, эч ким тоскоолдук жаратпайт. Мен бул тууралуу парламенттин трибунасынан ачык айта алам», — деди ал жана талапкерлерди үгүт иштери маалында «кара пиарга» барбоого чакырды.

Спикер кошумчалагандай, Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыш шайланмайынча өзүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда парламенттин кезексиз жыйынын чакыра алат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз