Германияда кыргыз кызынын образын чагылдырган мурал пайда болду
Берлин шаарында basicolors аттуу арт-группанын сүрөтчүлөрү кыргыз улуттук кийимчен кыздын образын чагылдырган мурал жаратышты.
KYZ POWER сериясына кирген бул эмгек Германиядагы эң ири стрит-арт фестивалдарынын бири — Da Bridge Jam алкагында көрсөтүлдү. Фестиваль Европанын ар кыл бурчунан 40тан ашуун сүрөтчүнү чогулткан. Муралдын автору — Виктор Цой.
Бул мурал Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы маданий диалогдун символуна айланат. Ал катышуучуларды жана көрүүчүлөрдү кыргыз маданияты менен тааныштырды.
Композициянын борборунда улуттук кийимчен кыздын образы тартылган. Анын жүзү токтоо чечкиндүүлүктү жана ички күчтү билдирет. Арт жагында жайгашкан KYZ POWER деген жазуу кыргызстандык аялдардын дүйнөгө бере ала турган туруктуулугу менен шыктандыруусун символдоштурат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




