Дагы бир кыргызстандык мушкер UFC уюмунда мушташмай болду
Кыргызстандын спортчусу Муртазали Магомедов (10-0) UFC-нин контрагын утуп алды.
24-сентябрдын эртең менен АКШнын Невада штатынын Лас-Вегас шаарында Dana White’s Contender Series турниринин кезектеги жумасы өттү.
Экинчи беттеште кыргызстандык - OCTAGON лигасынын мурдагы чемпиону Муртазали Магомедов менен мексикалык Брайан Зурчер (9-1) октагонго чыгышты.
Кыргызстандык спортчу атаандашын биринчи раундда нокаутка учуратып, 1 мүнөт 37 секунд ичинде жеңишке жетти.
Мелдештин соңунда UFC президенти Дана Уайт кыргызстандык мушкерди куттуктап, аны дүйнөдөгү эң күчтүү лигага чакырды.
Муртазали Магомедов UFC-ге чыккан төртүнчү кыргызстандык болуп саналат. Буга чейин Мыктыбек Оролбай, Уран Сатыбалдиевдер аталган уюмда бир нече беттештерин өткөрүшкөн. Ал эми Валентина Шевченко аталган уюмда чемпион болгон биринчи кыргыздандык мушкер.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




