Шайлоо: Бир шайлоочу бир талапкерге гана добуш бере алат
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо “Бир шайлоочу – бир добуш” деген принцип менен өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева “Кабар” маалылымат агенттигинин “Элден собол” көрсөтүүсүндө түз эфирде билдирген.
Анын айтымында, бир шайлоочу ошол округда катышкан талапкерлердин бирөөсүнө гана өзүнүн добушун берип, белгисин коюшу керек. Эки же үч белги коюлуп калса, бюллетендер жараксыз болуп эсептелип калат.
“Белгилүү болгондой, 2021-жылы бизде аралаш системасы менен шайлоо өткөн. Бул пропорционалдык партиялардын тизмесине кирген кандидаттар, анан бир мандаттуу округдардан келген депуттарды түзүшөт. Азыркы Конституциялык мыйзамда можаритардык система боюнча көп мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар болот. Мында 90 депутат 30 округдан шайланышат. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланат. Ушул жерден шайлоочуларга түшүндүрө кетсем, бир округда катышкан талапкерлердин бирөөсүнө гана тандоо кылыш керек”,- деди Жупуева.
Календарь менен санап келгенде болжолдуу түрдө ушул жылдын 30-ноябрына дем алыш күнгө шайлоо белгиленерин БШКнын төрагасынын орун басары маалымдады.
“Кечээ, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечимин кабыл алды. Мыйзам боюнча өзүн-өзү таркаткандан кийин депутаттар 5 күндүн ичинде президент тарабынан шайлоо күнүн белгилеген жарлык чыгат. Жарлык чыккандан кийин шайлоо компаниясы башталат. 2025-жылдын 9-июнунда КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзамга абдан көп жаңы эрежелер киргизилген. Талапкер боло тургандарга кандай талаптар коюлган бардыгы белгиленген”,- деди ал.
БШК кечээ, 25-сентябрда билдиргендей, шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялар 3 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүшү керек.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




