Ошто 13 сүрөтчүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды
Бүгүн, 26-сентябрда Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде 13 сүрөтчүдөн турган чыгармачыл топтун сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, сүрөт сүйүүчүлөрү катышып, көргөзмөнүн кызыл тасмасы кесилип, чогулгандар сүрөт музейине коюлган 13 сүрөтчүнүн эмгектерине күбө болушту.
Аталган сүрөт музейдин директору Бактыгүл Мидинованын айтымында, ар бир сүрөтчүнүн өзүнө гана таандык стили бар. Реализмден тартып модернге, авангарддан абстракцияга чейин ар түрдүү багыттарда иштеп, табияттын көркү, турмуштагы болгон көз караш, элдик искусствонун философиясы чагылдырылган. Живопись, графика жана керамика сыяктуу сүрөтчүлүк техникаларды колдонуу менен көрүүчүнү ойго салган, көркөм дүйнөгө чакырган уникалдуу чыгармалар.
«Бул сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык жолу Кыргызстандагы алгачкы сүрөт окуу жайы С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынан башталган. Санкт-Петербургдагы И.Репин жана В.Мухина атындагы академияларында, Москвадагы В.Суриков атындагы жана Кино искусство институттарында уланган. Алар дүйнөлүк классикалык искусство менен таанышып, бай тажрыйба топтоп, аны өз эмгектерине чагылдырууда.
Бул чыгармачыл топтун эмгектери Кыргызстандын гана эмес, дүйнөлүк искусствону да байытып келет. Алар республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдө өлкөбүздүн маданий мурасын таанытууда», - деди музейдин директору.
Сүрөт көргөзмөгө аталган 13 сүрөтчүнүн 60тан ашык эмгеги коюлган. Көргөзмө 20-октябрга чейин уланат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



