Кытайда дүйнөдөгү эң бийик көпүрө ачылды

Кытайдын Гуйчжоу провинциясында Хуацзян капчыгайынын үстүнөн өткөн асма көпүрө унаа кыймылы үчүн ачылды. Көпүрөнүн жээгинен Бэйпан дарыясы агып өткөн капчыгайдын түбүнө чейинки аралык 625 метрди түзөт. Бул жаңы көпүрөнү дүйнөдөгү эң бийик көпүрө кылып жатат. Бул тууралуу CNA билдирди.

Хуацзян капчыгайынын үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн курулушу үч жыл тогуз айга созулуп, долбоордун баасы 2 млрд юаньга (болжол менен 280 млн доллар) жеткен. Сооружениенин узундугу 2,9 чакырымды түзөт. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, жаңы көпүрө капчыгайдын бир тарабынан экинчи тарабына өтүү убактысын «эки сааттан эки мүнөткө чейин» кыскартат. Ошондой эле бул долбоордун ишке кириши региондогу транспорттук тармакты жакшыртып, «аймактын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө жаңы дем берет».

Ошол эле провинцияда дүйнөдөгү мурдагы эң бийик көпүрө — Дугэ көпүрөсү жайгашкан. Анын бийиктиги 565 метр болуп, Бэйпан дарыясынын куймасынан өткөн капчыгайдын үстүнө курулган. Жалпысынан Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, Гуйчжоу провинциясында дүйнөдөгү эң бийик 100 көпүрөнүн дээрлик жарымы жайгашкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз