Мамлекеттик баланска стратегиялык маанилүү жер участогу кайтарылды, - Башкы прокуратура

Манас районунун (Талас облусу) прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстандын чек ара аймагында жайгашкан жер тилкесин берүүдө мыйзам бузуулар аныкталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, аянты 1643 чарчы метр болгон, стратегиялык мааниге ээ Тараз–Талас–Суусамыр авто жолунун боюнда, «Чон-Капка» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан жер тилкеси буга чейин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5,6 млн сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз