Иран БУУнун санкцияларын калыбына келтирүүгө жооп берерин убадалады
Тегеран БУУнун санкцияларынын калыбына келтирилишине байланыштуу Иран элинин кызыкчылыктарына жана укуктарына зыян келтирүүгө багытталган ар кандай аракеттерге жооп берерин билдирди. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
«Дипломатия жана өз ара аракеттенүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн ордуна “евротройка” (Улуу Британия, Франция жана Германия) жана АКШ конфронтация жана кризис жаратуу жолун тандап алышты. Алар жоюлган БУУнун резолюцияларын кайра жандандыруу аркылуу жаңы кысым көрсөтүүчү рычагдарга ээ болобуз деп жаңылыш ойлошууда», — деп айтылат Иран ТИМинин Telegram-каналында.
Буга чейин БУУ Иранга каршы санкцияларды кайра киргизген. Жаңы чектөөлөр Ирандын чет өлкөдөгү активдерин тоңдурууну, бардык атомдук технологияларды өндүрүүгө тыюу салууну жана курал-жарак жеткирүүгө эмбаргону кайра калыбына келтирүүнү камтыйт.
Улуу Британия, Франция жана Германия ислам республикасын Ирандын өзөктүк программасын жөнгө салуучу Биргелешкен кеңири аракеттер планындагы милдеттенмелерди аткарган жок деп айыптады. Орусия менен Кытай Иранга каршы санкцияларды киргизүүнү кечиктирүүнү сунушташкан, бирок БУУнун Коопсуздук кеңеши резолюция долбоорун четке какты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



