Кыргызстанда бүгүнтөн тарта пенсия жогорулады
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын өлчөмү жогорулатылды. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болсо, индексациялоо коэффициенти 1,10 өлчөмүндө белгиленди.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдын негизинде дайындалган жалпы пенсиянын көлөмү 1-октябрдан тарта кошумчалар менен кошо 7100 сомдон төмөн болбойт (мыйзамда көрсөтүлгөн өзгөчө учурлардан тышкары).
Көбөйтүү төмөнкүлөргө тиешелүү болот:
камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон ашпаган пенсиялар — алар 1,10 коэффициенти менен жогорулатылат, бирок камсыздандыруу бөлүгүнүн өсүшү 600 сомдон кем болбойт (минималдуу чек);
камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон ашкан пенсиялар — индексация 5000 сомдон ашпайт (максималдуу чек).
Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатууга алдын ала эсеп боюнча 2 млрд 43 млн 874 миң 402 сом талап кылынат.
Социалдык фонддун алдын ала маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө болжол менен 818,7 миң пенсионер болот. Индексациядан кийин орточо пенсиянын өлчөмү 11 миң 226 сомду түзөт.
Кыргызстанда пенсияга чыгуу жашы: аялдар үчүн — 58 жаш, эркектер үчүн — 63 жаш.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.