АКШ Сенаты өкмөттү каржылоо жөнүндө эч кандай мыйзам кабыл алган жок

Сенат АКШнын федералдык чыгымдарды каржылоо боюнча эки мыйзам долбоорунун бирин да кабыл ала алган жок. Адегенде ал Демократтар партиясынын каржылоону улантуу тууралуу мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен четке какты, андан кийин Республикачылар партиясынын долбоорун да колдой алган жок. Бул болсо шаршембиден тарта АКШда өкмөттүн «шатдаун» башталат дегенди билдирет – айрым мамлекеттик түзүмдөр ишин токтотот, деп "CentralAsia" басылмасы "Reuters" басылмасына шилтеме берүү менен жазды.

Сенаттагы добуш берүүдө 55 киши каршы чыгып, 45 киши жактап добуш берди, бул мыйзам долбоорун жылдыруу үчүн зарыл болгон 60 добуштан аз болду. Натыйжада АКШ өкмөт агенттиктери «өмүргө зарыл» кызматтардан башка бардык ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур болот. Алардын катарына тартипти сактоо кирет, бирок бул аба каттамдарынан тартып жумушсуздук боюнча ай сайынкы отчетко чейин токтоп калышына алып келиши мүмкүн.

Республикачылар менен Демократтар пикир келишпестиктерди жоюуга даяр экенин көрсөткөн жок. Демократтардын айтымында, ар бир чыгымдар тууралуу мыйзам долбоору сөзсүз түрдө Жеткиликтүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө мыйзам боюнча туруктуу субсидияларды да карашы керек. Анын мөөнөтү жыл аягында бүтөт. Эгер чечилбесе, 24 млн америкалык үчүн саламаттыкты сактоо чыгымдары кескин өсөт. Ошондой эле демократтар Трамп бул өзгөрүүлөрдү жокко чыгара албашы үчүн кепилдик берүүгө аракеттенүүдө.

Ал эми Республикачылар бул эки маселени өзүнчө кароо зарыл экенин айтып, демократтарды бюджетти шайлоо алдындагы талапкерлеринин кызыкчылыгы үчүн «барымтага алды» деп айыпташууда. 2026-жылкы орто мөөнөттүү шайлоодо Конгрессти көзөмөлдөө маселеси чечилмекчи.

Добуш берүүгө чейин Трамп демократтар колдогон программаларды жокко чыгарарын жана өкмөт ишин токтотсо дагы көп федералдык кызматкерлерди жумуштан бошоторун эскертти.

«Биз көп кишини иштен алабыз. Алар демократтар болот», – деди ал журналисттерге.

Ушул аптада эле 150 миңден ашуун кызматкер компенсация алган соң жумуштан кетиши керек, бул акыркы 80 жылдагы эң ири кызматкерлердин кыскарышы болуп калат. Быйыл эле ондогон миң кызматкерлер жумушсуз калган.

АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматкерлеринин 41%ын акысыз өргүүгө жөнөтүүнү пландоодо. Ошондой эле клиникалык изилдөөлөргө жаңы бейтаптарды кабыл албай турганын жана өкмөт ишин токтотсо саламаттыкка байланышкан маалыматка коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн чектей турганын билдирди.

АКШнын Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, өкмөт иши токтосо, экономикалык маалыматтар, анын ичинде кылдат көзөмөлдөнгөн жумушсуздук боюнча ай сайынкы сентябрь отчёту жарыяланбайт.

Аскер кызматкерлери, чек арачылар жана «зарыл» деп эсептелген иш аткаргандар өз кызмат ордунда кала берет, бирок Конгресс көйгөйдү чечмейинче айлык алышпайт.

Социалдык камсыздандыруу башкармалыгы пенсия жана майыптык жөлөкпулдарын төлөөнү улантат, бирок кызматкерлеринин 12%ын акысыз өргүүгө чыгарат жана жарнамалык кампанияларын токтотот. Бирок Medicare жана Medicaid программалары боюнча төлөмдөр уланат.

Федералдык авиация башкармалыгынын маалыматына караганда, 13 миңден ашуун авиадиспетчер ишин улантат, бирок азырынча акы албайт. Бул болсо аба каттамдарына таасир этиши мүмкүн.

Ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгы насыя берүүнү токтотот, ал эми Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттиги айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча айрым иштерин убактылуу токтотот.

Федералдык кызматкерлердин кызыкчылыгын коргогон эки профсоюз агенттиктердин массалык кыскартуу жүргүзүшүнө тоскоолдук кылуу үчүн сотко кайрылды.

Ошол эле учурда милдеттүү чыгымдар аркылуу каржыланган негизги мамлекеттик жөлөкпулдар кыскарбайт. Студенттик кредиттер жана гранттар да улана берет. Ошондой эле чек ара кызматы жана укук коргоо органдары ишин улантат.

Өкмөт акыркы жолу 2018–2019-жылдары, Трамптын биринчи мөөнөтүндө, иммиграция боюнча талаштан улам 35 күнгө токтогон. Конгресстин Бюджеттик башкармалыгынын маалыматы боюнча, анда АКШ экономикасы $3 млрд жоготкон, бул ИДПнын 0,02%ына туура келет. Азыр болсо $1,7 трлн акча каражат агенттиктерди каржылоого бөлүнүп жатат, бул жалпы $7 трлн өкмөттүк бюджеттин төрттөн бирине барабар. Калган каражаттын негизги бөлүгү саламаттыкты сактоо жана пенсиялык камсыздандыруу программаларына, ошондой эле $37,5 трлнго жеткен мамлекеттик карыздын пайызын төлөөгө жумшалууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз