Орусиядагы күйүүчү май базарындагы абал: бекеттер жабылып жатат, баалар өсүүнү улантууда
16–22-сентябрда Орусияда бензиндин баасынын өсүшү 0,45%дан 0,62%га чейин жогорулады. Росстаттын маалыматына ылайык, күйүүчү майдын литринин орточо баасы 63,28 рублга жетти. Дизелдин баасы да 0,44%га кымбаттап, бул жалпы түрдө күйүүчү май рыногуна болгон басымдын күчөгөнүн көрсөтөт, деп жазат "CentralAsia" басылмасы "Smart-lab" басылмасына шилтеме берүү менен.
Баалардын ылдам өсүшү бир нече жума катары менен уланууда. Сентябрдын башында бензин 0,55%га, ага чейинки жумада 0,30%га кымбаттаган. Ал эми август айында өсүш 0,4–0,6% деңгээлинде кармалып турган. Натыйжада, жыл башынан бери бензин 8,36%га кымбаттап, 22-сентябрга карата Росстат маалымдаган 4,16%дык жалпы инфляциядан дээрлик эки эсе жогорулады. Ал эми дизель январдан бери 3%га көтөрүлдү.
Негизги факторлор – жабдуулардагы үзгүлтүктөр жана учкучсуз учактардын чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдордун оңдолушу. Бул эң катуу өлкөнүн түштүгүнө таасир этип, ал жакта АЗСтердин 14,2%ы ишин токтоткон. Жалпысынан 360тан ашык май куюучу жай жабылды. Айрыкча Крым эң көп жапа чегип, заправкалардын дээрлик жарымы ишин токтотту. Мындан тышкары, логистика жана кайра иштетүү чыгымдарынын жогорулашы, баалар дагы өсөт деген күтүүлөр сатуучуларды алдын ала бааны көтөрүүгө түрткү болууда.
Күйүүчү майдын кымбатташы экономикага тез өтөт – логистика жана соода аркылуу, анткени жеткирүү баасы акыркы товарлардын баасына кошулат. Эгер өсүш улана берсе, инфляцияга дагы 1 пайыздык пункт кошулушу мүмкүн. Демек, ички күйүүчү май рыногу азыр инфляциялык коркунучтун негизги булагына айланып жатат.
Өкмөт жана жөнгө салуучу органдар бир катар чараларды көрүүдө: күйүүчү май рыногун көзөмөлдөө күчөтүлүп, ички рынокту камсыз кылуу үчүн бензин экспортуна болгон тыюу узартылды. Ошондой эле сатуучулардын маржасын жөнгө салуу механизмдери, аялуу тармактар үчүн субсидия же компенсациялар талкууланууда. Мындан тышкары, мунай иштетүүчү заводдорду тезирээк оңдоо жана калыбына келтирүү, логистиканы диверсификациялоо жана резервдик кубаттарды стимулдаштыруу зарыл.
Бирок бул чаралардын таасири дароо билинбейт. Ошондуктан баанын төмөндөөсү күздүн аягына жакын болушу мүмкүн. Freedom Finance Global жакынкы 2–4 жумада баанын өсүшү жумасына 0,3–0,4%га чейин төмөндөйт деп күтүп жатат, эгер сырткы шоктор күчөй бербесе.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.