Бишкекте эки адамды өлтүрүүгө шектелген жаран изделүүдө
Бишкек шаарында 3-октябрга караган түнү Ак-Ордо жаңы конушунда Ынтымак көчөсүндөгү үйдө киши өлтүрүү болуп өттү. Буга чейин «Турмуш» редакциясы каза болгондор бир тууган — агай менен карындаш экенин жазган болчу.
«Каза болгондордун туугандарынын сезимин урматтоо менен, иштин кандайдыр бир майда-чүйдөсүн жайылтууга каршы болгондуктан, биз кошумча маалымат берүүдөн карманабыз. Тергөө иштери аяктап, шектүү кармалгандан кийин коомчулукка дароо маалымат берилет», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.
Байкоо камераларындагы видеожазмаларда шектүү адам катталган. Окуя болгон жерден кийим буюму — кепка табылган.
Милиция шектүүнү көргөн же анын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүгө чакырат: 0 702 119 052, 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.