"Дээрлик чечим кабыл алдынды", - Трам Tomahawk ракеталарын Украинага берүү боюнча

АКШ президенти Дональд Трамп Украинага америкалык Tomahawk ракеталарын берүү чечими дээрлик кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.

«Ооба, мен бул чечимди дээрлик кабыл алдым, негизинен, эгер кылдат ойлонсок. Ооба, мен алардын бул ракеталарды кандай колдонорун билгим келет. Алар бул куралдарды кайда жөнөтөрүн билесиздерби? Бул суроону мен так коюум керек деп ойлойм», — деп билдирди Трамп журналисттердин суроосуна жооп берип жатып. Журналисттер анын Украинага түздөн-түз ракета берүү мүмкүнчүлүгү же бул куралдарды НАТОго сатуу аркылуу Украинага өткөрүп берүү ыктымалдыгы тууралуу сурашкан.

Tomahawk — бул көп максаттуу канаттуу ракета болуп, командалык пункттарды, радарларды, абадан коргонуу системаларынын батареяларын, аэродромдорду жана башка маанилүү стратегиялык объекттерди талкалоо үчүн колдонулат. Аталган ракета 1970-жылдары General Dynamics компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Анын ылдамдыгы саатына 885 чакырымга (0,74 Мах) жетет, ал эми учуу аралыгы 1250дөн 2500 чакырымга чейин жетет.

2025-жылдын 28-сентябрында АКШ вице-президенти Жей Ди Вэнс билдиргендей, Вашингтондо Украинага узак аралыкка учуучу Tomahawk ракеталарын берүү маселеси талкууланып жатат. Анын айтымында, бул багыттагы акыркы чечимди президент Дональд Трамп кабыл алат.

Ошол эле күнү Украина президенти Владимир Зеленский Киев АКШ менен узак аралыктагы курал-жарактарды, анын ичинде Tomahawk ракеталарын сатып алуу боюнча «мегасделка» (ири келишим) даярдап жатканын маалымдаган.

Мунун алдында Орусия президенти Владимир Путин «Валдай» эл аралык талкуу клубунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып, эгерде Украинага Tomahawk ракеталарын берүү чечими расмий кабыл алынса, бул кадам Москва менен Вашингтондун ортосунда калыптанып жаткан оң тенденцияларды бузушу мүмкүн экенин эскерткен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз